III бөлүм

Эреже 1 – Башкаларды сыйлоо
Тоо лыжачы же сноубордчу өзүнүн айланадагы адамдарга коркунуч туудурбоого жана зыян келтирбөөгө умтулушу менен.

Эреже 2 – Ылдамдыкты жана багытты көзөмөлдөө
Тоо лыжачы же сноубордчу көзөмөл менен тебүүсү зарыл. Алардын ылдамдыгы жана түшүү ыкмалары жеке мүмкүнчүлүктөрүнө жана учурдагы шарттарга – тоонун бети, абал, кардын сапаты, аба-ырайы жана тоонун бетиндеги адамдардын санына ылайык болушу керек.

Эреже 3 – Багытты тандоо
Тоо лыжачы же сноубордчу жоо багытын өзүнүн физикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана техникалык даярдыгыны ылайык тандошу зарыл. Артындан келип жаткан Тоо лыжачы же сноубордчу кыймыл багытын алдыдагы адамдарга коркунуч туудурбоого зарыл.

Эреже 4 – Ашып кетүү
Ашып бара жатканда алдындагы тоо лыжачынын же сноубордчунун жанында жетиштүү мейкиндиги болгондо гана бул ыкма ашырылат. Бул учурда башка кыймыл катышуучуларга тоскоолдук жаратпаш керек.

Эреже 5 – Кыймылдын башталышы, тоонун бетине чыгуу жана бетиндеги кыймыл.
Тоонун бетинде жөө көтөрүлүп же түшүп жүргөн тоо лыжачы же сноубордчу трассанын четин колдонушу керек. Тоонун бетине чыгып же токтоп туруп кыймылдана баштаган тоо лыжачы же сноубордчу, өздөрүнө жана айланадагыларга коркунуч келтирбестен багытын алдын ала текшериши зарыл.

Эреже 6 – Тоонун бетинде токтоо
Кыйынчылыктуу жагдайдан башка, тоо лыжачы же сноубордчу тоонун бетиндеги көрүнбөгөн, тар жерлерде, ошондой эле жол багыттардын кесилиш жерлеринде жана курчап өткөн аймактарда токтоону алдын алуу керек. Мындай жерде кулап калганда, алар мүмкүн болушунча тез тоонун бетин бошотушу зарыл.

Эреже 7 – Жөө көтөрүлүү же түшүү
Мажбурдуу жөө түшүү же көтөрүлүү учурунда, тоо лыжачы же сноубордчу жолдун тышкы четин сактоосу керек.

Эреже 8 – Эскертүүчү белгилерди сыйлоо
Тоо лыжачы же сноубордчу эскертүү жана тыюу салуучу белгилерине, ошондой эле лыжалык патруль кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнө багынуусу зарыл.

Эреже 9 – Жардам көрсөтүү
Тоо лыжачы же сноубордчу, тиешелүү даярдыгы жана/же көндүмдөргө ээ болсо, кырсык окуясынын учурунда жаракат алган адамга биринчи жардам көрсөтүшү керек.

Эреже 10 – Идентификация
Тоо лыжачы же сноубордчу, кырсык окуясынын күбөсү же катышуучусу болуп саналса, анын айыптуулугунан көз каранды болбостон, өз маалыматтарын башка күбөлөргө жана лыжалык патруль инспекторлоруна бериши керек; зарылчылык жаралса, кайрылуу билдирүүсүн берүүгө милдеттүү.