Онлайн запись

Сезон 2022/2023
Декабрь 1, 2022 по Февраль 28, 2023

    info@ails.kg

    Тел для записи: +996 (000) 00-00-00

    Лыжа тебүү боюнча машыктыруучу Канат Мурзабек уулу лыжа тебүүнү жаңы үйрөнүп жаткандар ыңгайлуу кийим жана туура лыжа шаймандарын тандоосу зарыл экенин айтты.

    Даярдыгы жок лыжа тепкени тоого баргандардын көбү ар түрдүү жаракаттарды алышат. Бул тууралуу Канат Мурзабек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

    Анын айтымында, үйрөнчүктөр негизги эрежелерди өздөштүрүп алуу үчүн инструктордун кызматын алганы жакшы.

    Мурзабек уулу:

    «Лыжа тебүү менен төрт жаштан баштап машыга берсе болот. Албетте, эң негизгиси коопсуздук. Ал үчүн иреттүү кадамдарга көңүл бурушубуз керек. Коопсуздук биздин шыгыбыздан, көңүлүбүздөн да көз каранды. Мисалы, лыжа алганда аны ижара берген адиске кайрылып, адамдын салмагына, коопсуздугуна карап ылайыктап алса болот. Кийимге да көңүл буруп, суук тийип калбашы үчүн туура куртка, кол кап, башка шлем алыш керек. Колдон келсе башында машыктыруучу менен чыккан оң. Анткени ал сиздин деңгээлиңизге жараша тоо лыжа базасына алып барып, баштапкы көнүгүүлөрдөн тарта үйрөтөт. Тилекке каршы, бизде андай эмес. Эгерде машыктыруучу жалдаганга мүмкүнчүлүк болбосо интернет аркылуу тиешелүү видео курстарды көрүп, жок дегенде таанышып койсо жакшы болот. Анткени лыжа тебүү жаракат алып калуучу спорттун түрү», — деди Канат Мурзабек уулу.

    Ошондой эле машыктыруучу лыжа тебүүгө кызыккан жөнөкөй жарандар акыркы жылдары күн санап өсүп жаткандыгын кошумчалады.

    Add comment